+0.30
Рейтинг
0.87
Сила

Linux иштетүү системасынында сервердин жадысынын көлөмүн кароо

Linux иштетүү системасынында сервердин жадысынын көлөмүн билүү үчүн /proc/meminfo файлын карап билсе болот:
cat /proc/meminfo
Жыйынтыгы:
MemTotal:     99002600 kB
MemFree:      73510716 kB
Buffers:        818656 kB
Cached:       20982748 kB
SwapCached:          0 kB
Active:       24142432 kB
Inactive:       128596 kB
HighTotal:           0 kB
HighFree:            0 kB
LowTotal:     99002600 kB
LowFree:      73510716 kB
SwapTotal:    16777208 kB
SwapFree:     16777208 kB
Көргөзүлгөн маалыматта ар бир сап буларды билдирет:

MemTotal — Жадынын көлөмү
MemFree — Бош/кодонулбаган жадынын көлөмү
SwapTotal — Виртуалдык жадынын көлөмү
SwapFree — Бош/кодонулбаган виртуалдык жадынын көлөмү

Бул командадан тышкары, бул команда менен дагы сервердин жадысынын көлөмү тууралуу маалымат алса болот:
free -m
Жыйынтыгы:
total       used       free     shared    buffers     cached
Mem:         96682      24952      71729          0        799      20491
-/+ buffers/cache:       3662      93019
Swap:        16383          0      16383
* Жады — RAM (Random Access Memory), ОЗУ (оперативная память)

Дүйнө жүзүндөгү эң сараң миллионерлер

Автор: Назгүл Калмамбетова

Кыргыздар «эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө» деген макалды туу тутуп, каражатты үнөмдөгөндү жакшы биле беришпейт. Ал эми дүйнө жүзүндө миллиарддардын ээси болгон бай адамдар өздөрүнүн тамак-ашынан, баскан турганынан да абдан үнөмдөшөт экен.

АКШнын ар бир төртүнчү миллионери 100 доллардан кымбат эмес бут кийим кийишет экен. Ал эми ар бир онунчу миллионери 200 доллардан ашык костюм албайт. Миллионерлердин жарымы гана 240 долларлык саат алышат. Ар бир үчүнчү миллионер эски делген үч жылдык машинени минишет. Ошол миллионерлердин арасында өзүнүн байлыгына чиренбей көпчүлүк кийген арзан кийимдерди, арзан тамактарды ичишет экен. Аларды көргөндөр Апенди деп коюшат.

Небересинин кесилген кулагы үчүн чыгым болгон миллионер

Нефть падышасы атыккан Джон Пол Гетти мындан 30 жыл илгери төрт миллиард доллары менен дүйнөдөгү эң бай адам деп таанылган. Ал баардык нерсени өтө үнөмдөчү. Мисалы, өзүнүн үйүнө коноктор үчүн атайын таксофон орнотуп койгон. Себеби, келген коноктор ошол таксофонго өздөрү акча салып сүйлөшсүн деп эсептеген. 1973-жылы анын небереси Джонду кимдир-бирөөлөр уурдап кетип 17 миллион доллар талап кылган. Бирок сараң чоң ата аны төлөөдөн баш тарткан. Бирок уурдаган адамдар небересинин бир кулагын кесип, конвертке салып жибергенде гана ал акча төлөөгө мажбур болгон. Ошондо да ал 2,7 миллион доллар гана берген.

Эски батирде жашаган миллиарддер

Дагы бир америкалык финансист Уоррен Баффет. Анын 44 миллиард доллары бар. Ал дагы дайыма эски машинеси менен жүргөнү көпчүлүктү кызыктырат. Мындан 40 жыл мурда 30 миң долларга сатып алган эски батиринде жашайт. Баффет бапырап жашоону анча деле жактыра бербейт. Болгону өзүнүн менчик учагы бар. Көпчүлүк учурда көчөдөн арзан ашканаларга кирип тамактанып алат. Ал дүкөндөргө киргенде же бир жерден соода кылса дайыма соодалашып, баасын түшүрүп анан алат экен.

32 жыл бою эскирген креслодо отурган миллиарддер

IKEA компаниясынын түзүүчүсү Ингвар Кампрад мектепте 3-класста окуп жүргөндө эле карандаштарды дүңү менен сатып алып, классташтарына кайра үч эсе кымбат сатып ошондо эле акча чогултканды үйрөнгөн. Азыр анын 28 миллиард доллары бар. Ал азыркыга чейин арзан ресторандарда тамактанып, арзан мейманкана жана арзан коомдук транспортторду пайдаланат. Щвециялык бул миллиардер эмгек эс алуусун да ошол эле аймактагы көлмөлөргө барып балык уулап өткөрөт экен. Ингвар 32 жыл бою бир эле креслосунда отурат, аялы бул отургучту алмаштыралы десе болбойт экен. Башкалардан эч айырмасы жок, болгону кирдеп эле калды деп жооп берет.

URL: http://www.kabarordo.kg/256980

Тоту куштун баасы

Бир киши базарда попугай сатып отурат экен. Бирөө келип «Канчадан?» деп сурайт.
— 1000 сом, — дейт, — «Кыргызча, орусча билет»
— Экинчисичи канча турат? — деп сураса,
— 2000 сом, — дейт, — «Кыргызча, орусча, англисче билет» деп.
— Үчүнчүсү канча? — деп сураса,
— 10000 сом, — дейт.
— Эмне билет? — десе, «Эч нерсе билбейт» дейт.
— Эмнеге мынча кымбат? — десе, "Тиги экөө аны начальник дешет", — дейт экен.

Дүйнөдөгү эң кызыктуу тыюу салуулар

Түркмөнстанда фонограмма менен ырдоого болбойт
2005-жылы Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов президент болуп турган учурда маданияттын нукура баалуулуктарын сактап калуу максатында фонограмма менен ырдоого тыюу салган. Мындан сырткары, опера менен балетти да керексиз деп эсептеп буларга да бөгөт койгон.

Кытайда бийликтин уруксатысыз реинкарнация жасоого болбойт
2007-жылдагы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кытайда бийликтин уруксатысыз будисттик монахтардын реинкарнация жасоосуна тыюу салынган. Буга байланыштуу Тибеттик диний уюмдар жаңы Будданын пайда болушуна бийликтен уруксат алышы керек.

АКШда «Киндер-сюрприз» шоколад жумурткасын жегенге тыюу салынган
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кичинекей балдар өзгөчө жактырып жеген «Киндер-сюрприз» шоколады АКШда тыюу салынган. Анткени жей турган шоколадга оюнчуктун кошулганы туура эмес деп эсептешет. Ошондуктан бул шоколадды жегенге АКШда катуу тыюу салынган. Ал эле эмес, чек арадан «Киндер сюрприз» алып өтүүгө аракет кылгандар жоопкерчиликке тартылган.

Индияда спирт ичимдигин жарнама кылууга болбойт
90-жылдардын аягында Индияда спирт ичимдиктерин жарнама кылууга тыюу салынган.

Францияда Red Bull
2008-жылы Францияда энергетикалык Red Bull ичимдиги анын курамында коркунучтуу химикалык зат бар болгондугуна байланыштуу тыюу салынган.

Түндүк Кореяда көк түстүү жынсы кийишпейт
Мыйзамга ылайык кара түстөгү жынсы кийүүгө болот, ал эми көк түстөгү жынсыга тыюу салынган.

Монакодо казинодо ойноого тыюу салынган
186-жылдары Карл 3-ханзааданын буйругу менен казинодо Монаконун жарандарына казинодо ойноого тыюу салынган. Ал эми чет элдик жарандарга ойногонго уруксат берилген.

Германияда жөө жүрүп күйүүчү май сатып алууга болбойт
Бул өлкөдө ушундай мыйзам иштелип чыккан. Эгер жолдо унаанын майы түгөнүп калса, анда айдоочу жөө басып күйүүчү май саткан жерге бара албайт.

Тайландда «Анна жана король» тасмасын көрүүгө болбойт
1999-жылы чыккан бул кинодо башкы ролдорду Джоди Фостер менен Чоу Юньфат аткарган. Тайланддын кино сынчылары тасмада королдук үй-бүлөнүн шылдыңдалганы жана тарыхтын бурмаланганын айтып чыгышкан. Ошондуктан аталган кинону көрүүгө тыюу салынган.

Японияда клубдарда бийлөөгө болбойт
1948-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Японияда коомдук жайларда бийлөөгө тыюу салынган. Бийлегиси келген адам лицензиялуу маданий жайларга баруусу керек жана түнкү 12ге чейин гана. Бирок, жакында 2020-жылдагы олимпиядалык оюдарга байланыштуу бул тыюу салуунун алынышы каралууда.

АДАМДЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ

Жашоонун шаңы менен, талаптын күчү менен адам өзгөрөт, өсөт, өркүндөйт. Эгер адам өзгөрбөсө, изденбесе, аракет кылбаса – адам мезгилден артта калат, жашоо шартын өзгөртпөйт, өзүн өстүрбөйт.

Күндөн күнгө, айдан айга, жылдан жылга өзгөрбөгөн адам – артта калган адам. Күн тартиби, жашоо нугу улам-улам өзгөрүүдө. Өзгөрүүнү байкаган адам – көрөгөч адам. Өзгөрүүгө моюн сунбаган адам – кежир адам.

Өзгөрүү – жашоонун талабы. Өзгөрүү – мезгил талабы.

Эң биринчи өзгөрүү: ойдо, сөздө, кыймылда болуш керек. Кээ бир учурда өзгөрүү – муктаждык. Бул шарт аткарылбаса – адам ийгиликке жетпейт. Бул шарт аткарылбаса – адам байыбайт жакшы жакка.

Жашоонун ыргагы, тартиби акырындан (билинбестен) өзгөрүүгө дуушар болот. Бул – мыйзам.
(Көк Асаба)

Linux иштетүү системасынын версиясын кароо

Linux иштетүү системасынын версиясын кароо дистрибутивге (Red Hat Linux, Ubuntu, Debian, CentOS жана башка) карай өзгөрүшү мүмкүн, бирок, көбүнчө ылдыйда берилген командалар колдонулат.

Linux иштетүү системасынын дистрибутивинин атын жана версиясын кароо үчүн:

$ lsb_release -a

LSB Version: :core-4.0-amd64:core-4.0-ia32:core-4.0-noarch:graphics-4.0-amd64:graphics-4.0-ia32:graphics-4.0-noarch:printing-4.0-amd64:printing-4.0-ia32:printing-4.0-noarch
Distributor ID: RedHatEnterpriseServer
Description: Red Hat Enterprise Linux Server release 5.11 (Tikanga)
Release: 5.11
Codename: Tikanga

Дистрибутивдин атын жана версиясын бул ыкма менен дагы караса болот:

$ cat /etc/issue

Red Hat Enterprise Linux Server release 5.11 (Tikanga)

Linux иштетүү системасынын өзөгүнүн версиясын кароо үчүн:

$ uname -a

Linux srvname 2.6.18-398.el5 #1 SMP Tue Aug 12 06:26:17 EDT 2014 x86_64 x86_64 x86_64 GNU/Linux

Бул жерде Linux иштетүү системасынын «бит»тиги тууралуу дагы маалымат бар: x86_64 — 64-биттик иштетүү системасына таандык экенин билдирет.

Мамилеге уруксат

Биз тегерегибиздеги адамдарга эмнеге уруксат берсек, бизге карай ошондой өзүн алып жүрөт.

Менин иштеген жеримде биз менен бирге иштеген бирөө бар. Башында ага жакшы мамиле кылдым, бирок анын бара-бара чекти аша баштаганын сездим. Тамашалары, сүйлөгөн сөздөрү чектен аша баштады.

Мындай мамиле мага жаккан жок, ошон үчүн анын мамилеси жакпаганын билдирдим, ага карата мурдагыдай жылуу мамиле кылганды, жылмайганды токтоттум. Ошондон бери анын тамашалары чектин ары жагында калды, Кудай буйруса.

«Адам жумшагын кээ бир чекти билбегендер жейт» деп түшүндүм.

Резервдөө (камдоо) жана Калыбына келтирүү

Резервдөө (камдоо) жана Калыбына келтирүү
Резервдөө (камдоо) — бул маанилүү програмдар жана берилиштердин көчүрмөсүн алуу процесси, башкача айтканда файлдардын көчүрмөлөрүн алуу резервдөө (камдоо) деп аталат.

Резервдөө бардык берилиштер жана маанилүү програмдар үчүн дайыма аткарылып туруш керек.

Калыбына келтирүү — бул маанилүү програмдарды жана берилиштерди програмдык жабдык же жабдуулар иштен чыгып калган учурда резервдик көчүрмөлөрдү (камдарды) колдонуп калыбына келтирүү.

Microsoft Outlook'та каттарга автоматтык түрдө кол коюу

Microsoft Outlook'та каттарга автоматтык түрдө кол коюу көп учурда жазылган каттарга төмөнкү кол жазууга окшогон:

Жакшы тилектер менен,
Аты Жөнү

Дареги:
Кыргызстан, Бишкек шаары
Ишикылса көчөсү, 5 үй, 7 б.
тел: +996 312 777777


жазууну кошуу үчүн, бул кадамдарды аткаруу керек:

Файл -> Параметры менюсунан Почта бөлүмүн тандап, «Подписи»/«Кол коюу» баскычына басуу керек.