Дүйнөдөгү эң кызыктуу тыюу салуулар

Түркмөнстанда фонограмма менен ырдоого болбойт
2005-жылы Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов президент болуп турган учурда маданияттын нукура баалуулуктарын сактап калуу максатында фонограмма менен ырдоого тыюу салган. Мындан сырткары, опера менен балетти да керексиз деп эсептеп буларга да бөгөт койгон.

Кытайда бийликтин уруксатысыз реинкарнация жасоого болбойт
2007-жылдагы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кытайда бийликтин уруксатысыз будисттик монахтардын реинкарнация жасоосуна тыюу салынган. Буга байланыштуу Тибеттик диний уюмдар жаңы Будданын пайда болушуна бийликтен уруксат алышы керек.

АКШда «Киндер-сюрприз» шоколад жумурткасын жегенге тыюу салынган
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кичинекей балдар өзгөчө жактырып жеген «Киндер-сюрприз» шоколады АКШда тыюу салынган. Анткени жей турган шоколадга оюнчуктун кошулганы туура эмес деп эсептешет. Ошондуктан бул шоколадды жегенге АКШда катуу тыюу салынган. Ал эле эмес, чек арадан «Киндер сюрприз» алып өтүүгө аракет кылгандар жоопкерчиликке тартылган.

Индияда спирт ичимдигин жарнама кылууга болбойт
90-жылдардын аягында Индияда спирт ичимдиктерин жарнама кылууга тыюу салынган.

Францияда Red Bull
2008-жылы Францияда энергетикалык Red Bull ичимдиги анын курамында коркунучтуу химикалык зат бар болгондугуна байланыштуу тыюу салынган.

Түндүк Кореяда көк түстүү жынсы кийишпейт
Мыйзамга ылайык кара түстөгү жынсы кийүүгө болот, ал эми көк түстөгү жынсыга тыюу салынган.

Монакодо казинодо ойноого тыюу салынган
186-жылдары Карл 3-ханзааданын буйругу менен казинодо Монаконун жарандарына казинодо ойноого тыюу салынган. Ал эми чет элдик жарандарга ойногонго уруксат берилген.

Германияда жөө жүрүп күйүүчү май сатып алууга болбойт
Бул өлкөдө ушундай мыйзам иштелип чыккан. Эгер жолдо унаанын майы түгөнүп калса, анда айдоочу жөө басып күйүүчү май саткан жерге бара албайт.

Тайландда «Анна жана король» тасмасын көрүүгө болбойт
1999-жылы чыккан бул кинодо башкы ролдорду Джоди Фостер менен Чоу Юньфат аткарган. Тайланддын кино сынчылары тасмада королдук үй-бүлөнүн шылдыңдалганы жана тарыхтын бурмаланганын айтып чыгышкан. Ошондуктан аталган кинону көрүүгө тыюу салынган.

Японияда клубдарда бийлөөгө болбойт
1948-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Японияда коомдук жайларда бийлөөгө тыюу салынган. Бийлегиси келген адам лицензиялуу маданий жайларга баруусу керек жана түнкү 12ге чейин гана. Бирок, жакында 2020-жылдагы олимпиядалык оюдарга байланыштуу бул тыюу салуунун алынышы каралууда.