Linux иштетүү системасынын версиясын кароо

Linux иштетүү системасынын версиясын кароо дистрибутивге (Red Hat Linux, Ubuntu, Debian, CentOS жана башка) карай өзгөрүшү мүмкүн, бирок, көбүнчө ылдыйда берилген командалар колдонулат.

Linux иштетүү системасынын дистрибутивинин атын жана версиясын кароо үчүн:

$ lsb_release -a

LSB Version: :core-4.0-amd64:core-4.0-ia32:core-4.0-noarch:graphics-4.0-amd64:graphics-4.0-ia32:graphics-4.0-noarch:printing-4.0-amd64:printing-4.0-ia32:printing-4.0-noarch
Distributor ID: RedHatEnterpriseServer
Description: Red Hat Enterprise Linux Server release 5.11 (Tikanga)
Release: 5.11
Codename: Tikanga

Дистрибутивдин атын жана версиясын бул ыкма менен дагы караса болот:

$ cat /etc/issue

Red Hat Enterprise Linux Server release 5.11 (Tikanga)

Linux иштетүү системасынын өзөгүнүн версиясын кароо үчүн:

$ uname -a

Linux srvname 2.6.18-398.el5 #1 SMP Tue Aug 12 06:26:17 EDT 2014 x86_64 x86_64 x86_64 GNU/Linux

Бул жерде Linux иштетүү системасынын «бит»тиги тууралуу дагы маалымат бар: x86_64 — 64-биттик иштетүү системасына таандык экенин билдирет.

Linux Debian системасына, Drupal CMS-син орнотуу.

Cms Drupal ды, xampp ка орнотобуз.
1) xampp ты официалдуу сайтынан жуктоп орнотуу керек, 1 файлды жуктойсуз дагы аны ачасыз, калганы интерактивдуу турдо windows тун программаларын орноткондой эле болот. «Далее->Далее->Готово» сыяктуу. Xampp орнотуу файлын, ачуу учун, консольдун файлдарды ачуу коммандасын колдонуу керек. Аны гуглдан издейсиздер.

2) xammp орнотулган дан кийин, Drupal ды оффициалдуу сайтынан жуктойбуз.

Читать дальше →