Дүйнө жүзүндөгү эң сараң миллионерлер

Автор: Назгүл Калмамбетова

Кыргыздар «эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө» деген макалды туу тутуп, каражатты үнөмдөгөндү жакшы биле беришпейт. Ал эми дүйнө жүзүндө миллиарддардын ээси болгон бай адамдар өздөрүнүн тамак-ашынан, баскан турганынан да абдан үнөмдөшөт экен.

АКШнын ар бир төртүнчү миллионери 100 доллардан кымбат эмес бут кийим кийишет экен. Ал эми ар бир онунчу миллионери 200 доллардан ашык костюм албайт. Миллионерлердин жарымы гана 240 долларлык саат алышат. Ар бир үчүнчү миллионер эски делген үч жылдык машинени минишет. Ошол миллионерлердин арасында өзүнүн байлыгына чиренбей көпчүлүк кийген арзан кийимдерди, арзан тамактарды ичишет экен. Аларды көргөндөр Апенди деп коюшат.

Небересинин кесилген кулагы үчүн чыгым болгон миллионер

Нефть падышасы атыккан Джон Пол Гетти мындан 30 жыл илгери төрт миллиард доллары менен дүйнөдөгү эң бай адам деп таанылган. Ал баардык нерсени өтө үнөмдөчү. Мисалы, өзүнүн үйүнө коноктор үчүн атайын таксофон орнотуп койгон. Себеби, келген коноктор ошол таксофонго өздөрү акча салып сүйлөшсүн деп эсептеген. 1973-жылы анын небереси Джонду кимдир-бирөөлөр уурдап кетип 17 миллион доллар талап кылган. Бирок сараң чоң ата аны төлөөдөн баш тарткан. Бирок уурдаган адамдар небересинин бир кулагын кесип, конвертке салып жибергенде гана ал акча төлөөгө мажбур болгон. Ошондо да ал 2,7 миллион доллар гана берген.

Эски батирде жашаган миллиарддер

Дагы бир америкалык финансист Уоррен Баффет. Анын 44 миллиард доллары бар. Ал дагы дайыма эски машинеси менен жүргөнү көпчүлүктү кызыктырат. Мындан 40 жыл мурда 30 миң долларга сатып алган эски батиринде жашайт. Баффет бапырап жашоону анча деле жактыра бербейт. Болгону өзүнүн менчик учагы бар. Көпчүлүк учурда көчөдөн арзан ашканаларга кирип тамактанып алат. Ал дүкөндөргө киргенде же бир жерден соода кылса дайыма соодалашып, баасын түшүрүп анан алат экен.

32 жыл бою эскирген креслодо отурган миллиарддер

IKEA компаниясынын түзүүчүсү Ингвар Кампрад мектепте 3-класста окуп жүргөндө эле карандаштарды дүңү менен сатып алып, классташтарына кайра үч эсе кымбат сатып ошондо эле акча чогултканды үйрөнгөн. Азыр анын 28 миллиард доллары бар. Ал азыркыга чейин арзан ресторандарда тамактанып, арзан мейманкана жана арзан коомдук транспортторду пайдаланат. Щвециялык бул миллиардер эмгек эс алуусун да ошол эле аймактагы көлмөлөргө барып балык уулап өткөрөт экен. Ингвар 32 жыл бою бир эле креслосунда отурат, аялы бул отургучту алмаштыралы десе болбойт экен. Башкалардан эч айырмасы жок, болгону кирдеп эле калды деп жооп берет.

URL: http://www.kabarordo.kg/256980