АДАМДЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ

Жашоонун шаңы менен, талаптын күчү менен адам өзгөрөт, өсөт, өркүндөйт. Эгер адам өзгөрбөсө, изденбесе, аракет кылбаса – адам мезгилден артта калат, жашоо шартын өзгөртпөйт, өзүн өстүрбөйт.

Күндөн күнгө, айдан айга, жылдан жылга өзгөрбөгөн адам – артта калган адам. Күн тартиби, жашоо нугу улам-улам өзгөрүүдө. Өзгөрүүнү байкаган адам – көрөгөч адам. Өзгөрүүгө моюн сунбаган адам – кежир адам.

Өзгөрүү – жашоонун талабы. Өзгөрүү – мезгил талабы.

Эң биринчи өзгөрүү: ойдо, сөздө, кыймылда болуш керек. Кээ бир учурда өзгөрүү – муктаждык. Бул шарт аткарылбаса – адам ийгиликке жетпейт. Бул шарт аткарылбаса – адам байыбайт жакшы жакка.

Жашоонун ыргагы, тартиби акырындан (билинбестен) өзгөрүүгө дуушар болот. Бул – мыйзам.
(Көк Асаба)

0 комментариев

Только зарегистрированные и авторизованные пользователи могут оставлять комментарии.