Күзөт кызматына Арапбаев келатат

Күзөт кызматына Арапбаев келатат…

19.01.2013 14:07
ИИМге караштуу Мамлекеттик Күзөт департаментинде да көптөн бери интрига күч алган. Учурда аталган кызматтын башчысы иштен алынып, убактылуу бирөө башкарууда. Эми аталган департаменттин башчылыгына келүү үчүн буту үзүлгөнчө чуркагандар толтура. Биринен сала бири ставкаларды көтөрүп жатышып, эбегейсиз сумманын цифрасы жаралыптыр. Ал эми тааныш танкаларын ортого салгандарын айтпай эле коелу.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңештин “атажуртчу” депутаты Азамат Арапбаев бир тууган иниси Калыс Арапбаев “ставкасы канча болсо ошончо болсун, мен баары бир департаментти алам” деп чамынып, ал эмес депутат акесин да Атахановго чалдырып жибериптир. Билишибизче Азамат Арапбаев акыл эстүү эле депутат көрүндү эле, тууганчылык оорудан алыс эле болсо демекчибиз. Ансыз деле Күзөт департаменти Жаныш Бакиевдин кадрларынан алигиче тазалана элек. Эмнеси болсо да Атаханов ыймандуусун дайындасын… (N.J)

Булак: “Ачык саясат”.