«Акшумкар» саяcий партиясынын жаштар канатынын билдирүүсү
2011 — жылдын 30 — октябрьнда Кыргызстандын тагдырын чечүүчү Президенттик шайлоо болуп өтөт. Бүгүнкү күндө ар бир саясий партия жетекчилери жана Кыргызстандын көрунуктүү саясатчылары өз–ара келишимге келип, ичтеги анча-мынча келишпестиктерди унутуп, Кыргыз Мамлекетинин жаркын келечеги үчүн биригүүсү бүгүнкү күндөгу зарыл иш. Эгерде биздин саясатчыларыбыз келечекке биригип кадам шилтесе, “беш манжа тең эмес бирок билек бир, беш адам башка, бирок тилек бир” деген принципти терең тутуп иштешип кетсе, анда өлкөнү экономикалык оор кырдаалдан чыгуунун жана стабилдештирүүнүн жаңы багыт иштеп, Кыргызстанды Азиядагы эң өнүккөн мамлекеттердин катарына жакынкы 5-6 жыл ичинде киргизгенге толук ишенимибиз бар. Баарыбызга белгилүү Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда, жаштар азыркы курч учурда биригип мамлекетибиздин келечегин биргелешип курууга кадам шилтөө абзелдүү, деп эсептейт.
Кыргызстандын прогрессивдүү кучтору, болуп жаткан саясий процесстерде биригүүго умтулганы — бул Кыргызстандын жаштарына кандайдыр бир тажрыйба болуп эсептелет, дал ушул тажрыйба аркылуу жаштар, келечекте кыргыз элинин тагдырын чечүүчү кадамдарга барып, көйгөйлүү маселелерди изилдеп жана алардын чечүүчү механизмдерин табууга мумкунчулук алат.
Кыргызстанда 2005 жана 2010 — жылы болуп өткөн окуялардан кийин жаштар коомдун башкы кыймылдаткыч күчү жана мамлекеттин өнүгүп өсүшүнө өзүнүн салымын кошууга жөндөмдүү экенин корсөттү. 2010 — жылы болуп өткөн парламенттик шайлоодо дагы жаштардын зор салымы бар. Дал ушундай көрсөткүчтөр акыркы жылдарда дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келет.
2010 — жылдан тарта мамлекет тарабынан жаштар саясатын түптөөгө жана өнүктурүүгө абдан маанилүү көнул бурулуп жатат. Ошондуктан Кыргызстандын жаштары келе жаткан президенттик шайлоого өз демилгесин көтөрүп, өлкөбузгө татыктуу Президентибизди шайлап алуу бул биздин максатыбыз деп эсептейт.
“Акшумкар” саясий партиясынын жаштар канаты “Күчүбүздү бириктирип –келечекти курабыз” деген ураан менен «Акшумкар» партиясы демилге көтөрүп чыккан, «Кыргызстандын келечеги үчүн» деген кыймылды түзүүнү колдойт жана Кыргызстандын бардык жаштарын бул демилгени колдоого чакырат.

0 комментариев