ZABBIX системасы

ZABBIX — бул бекер таратылуучу компьютердик тармактарды, серверлерди жана тармактык жабдыктарды көзөмөлдөө системасы.

Чогулткан маалыматтарды MySQL, PostgreSQL, SQLite же Oracle берүү түптөрүндө сактайт. Төмөнкү үч түрдө иштей алат:
Simple checks (Жөнөкөй текшерүүлөр) — SMTP же HTTP сыяктуу стандарттык сервистердин реакциясын жана жеткиликтүүлүгүн, көзөмөлдөнүүчү хостко программдык жабдык тургузбадан, текшере алат.
ZABBIX agent (ZABBIX агент) — процессордун жүгүн, тармакты колдонуунун, дисктин көлөмүн жана башка маалыматтарды алуу үчүн UNIX-сыяктуу же Windows хосттордо тургузула алат.
External check (Сырткы текшерүү) — сырткы программаларды аткаруу. ZABBIX монитордоо системасы SNMP аркылуу монитордоону аткара алат.

0 комментариев

Только зарегистрированные и авторизованные пользователи могут оставлять комментарии.