ORABBIX кошумчасы/плагини

ORABBIX кошумчасы — Oracle берилиш түптөрүн ZABBIX системасы аркылуу көзөмөлдөөгө жардам берүүчү кошумча бөлүкчө/плагин.

Тургузуу

1. Orabbix кошумчасын төмөнкү баракчалардын биринен жүктөп алыңыз:

www.smartmarmot.com/product/orabbix/download/
sourceforge.net/projects/orabbix/

2. Жүктөлгөн тараткычты /opt/orabbix папкасына көчүрүңүз.

/opt/orabbix/init.d/orabbix файлын /etc/init.d/orabbix папкасына көчүрүңүз.

/etc/init.d/orabbix жана /opt/orabbix/run.sh скрипттерин аткаруу укугун бериңиз.

3. Oracle берилиш түбүндө ZABBIX аттуу колдонуучуну жаратуу керек. Төмөнкү скриптти колдонсо болот:

CREATE USER ZABBIX IDENTIFIED BY «сырсөз» DEFAULT TABLESPACE SYSTEM TEMPORARY TABLESPACE TEMP PROFILE DEFAULT ACCOUNT UNLOCK;

Колдонуучуга бул укуктарды берүү керек:

GRANT CONNECT TO ZABBIX;
GRANT RESOURCE TO ZABBIX;
ALTER USER ZABBIX DEFAULT ROLE ALL;

Колдонуучуга бул системдик укуктарды берүү керек:

GRANT SELECT ANY TABLE TO ZABBIX;
GRANT CREATE SESSION TO ZABBIX;
GRANT SELECT ANY DICTIONARY TO ZABBIX;
GRANT UNLIMITED TABLESPACE TO ZABBIX;
GRANT SELECT ANY DICTIONARY TO ZABBIX;

0 комментариев

Только зарегистрированные и авторизованные пользователи могут оставлять комментарии.