HP Data Protector

HP Data Protector — Берилиштерди камдоо, калыбына келтирүү жана камдарды борборлоштурулган башкаруу үчүн Hewlett-Packard ишканасы тарабынан жаратылган программдык жабдык.

Каражат ар кандай көлөмдөгү ишкана үчүн иштеп чыгылган, ар кандай иштетүү системасын (Windows, Linux, Solaris, Unix), ар кандай берилиш булактарын (файлдар, Берилиш Түптөрүн Башкаруу Системалары, виртуалдык чөйрөлөр) жана ар кандай берилиштерди сактоо системаларын (ленталык, дисктик, виртуалдык китепкана) колдойт.

Дүйнөдө, Hewlett-Packard ишканасын кошкондо (топтом 14 петабайт көлөмүндөгү 17 000 серверди камдайт), 40 000 ден ашык ишканада колдонулат.

0 комментариев

Только зарегистрированные и авторизованные пользователи могут оставлять комментарии.